Жогорку Кеңештин бүгүнкү 18-октябрдагы жыйынында эл өкүлү Аида Исатбек кызы косметологиялык салондорду текшерүү сунушун көтөрүп чыкты.
Ал жаштар арасында гепатиттин С түрү менен кургак учук кескин көбөйүп жатканын билдирип, буга косметологиялык кабинеттер санитардык нормаларды сактабаганы себеп болуп жатканын айтты.
Анын айтымында, лицензия албай, медициналык билими жоктор эле адамдын жүзүн өзгөртүүчү ар кандай операцияларды жасап жатат. Мындан сырткары, алар өздөрү жасап алган сертификаттарды эле чет өлкөдөн алдым деп көрсөтүп, социалдык баракчасына фотошопто жасалган сүрөттөрдү жарыялап алдашат. Мындан улам аягында жарандар ден соолугунан ажырап калууда.
Эл өкүлү төрагадан тийиштүү органдардын баарына бул маселеге көңүл бурууга тапшырма берүүнү суранды.