Таалайбек Сарыбашев: "Армияга барбаган жигиттер көбөйүп кетти"

Өлкөдө армияга барбаган жигиттер көбөйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда парламенттин кезектеги жыйында эл өкүлү Таалайбек Сарыбашев билдирди.

Ал аскердик кызматка чакырууга көңүл бурууга чакырды. Анткени бир класстан 30 бала мектепти бүтсө, экөө-үчөө гана аскердик милдетин өтөйт.

“Калгандары барбай жатат. Аскердик кызматка чакырууга жакшы көңүл бурсак. Өткөн жылы орун алган окуялар бизге сабак болушу керек. Калкыбыз болгону 7 миллион, биз сапаттуу армияга гана көңүл бурушубуз керек. Бул боюнча жаштарга пропагандалап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек деп ойлойм", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан