
Кошуна өлкөлөргө карыз болгон кооптуу. Мындай пикирди бүгүн, 20-октябрда парламентте депутат
Балбак Түлөбаев айтты.
Эл өкүлү Улуттук банкта турган алтынды сатып Кытайга болгон карызды төлөп салуу керектигин белгиледи.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов учурда резервде 51 тоннадан ашык баалуу металл бар экенин айтып, ал валютаны туруктуу кармап туруу үчүн керек экенин билдирди.
"Эмнеге колдо турган алтын менен Кытайдан алган карызды төлөп салууга кудуретибиз жетип турса да төлөбөй жатабыз? Жакынкы тарыхта эки тоннадай алтын менен деле жашаганбыз. Эмне үчүн азыр Кытайга болгон 1,8 миллиард долларды төлөп салбайбыз? Көп болсо 26-27 тонна алтын кетет экен", - деди Түлөбаев.
Ага финансы министри Алмаз Бакетаев жооп берип, Кытайдын эле эмес, жалпы тышкы карызды төлөп коюуга мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. Бирок төлөө мөөнөтү өзгөрсө, шарттар да өзгөрүп пайызы жогорулап кетерин билдирди.
Балбак Түлөбаев кандай болсо да Кытайдын карызын төлөп салуу керек деген позициясынан кайтпай турганын белгиледи.
"1-2 пайыз көбүрөөк төлөп калышыбыз мүмкүн. Антсе да Кытайга карызыбызды төлөп салышыбыз керек, башка карыздар калса дагы. Бул чоң өлкө, айланайындар, кооптуу деп жатам. Азыр Кытай менен мамилелерибиз өнүгүп жатат, бирок ал башка кеп. Негизи эле бирөөгө карыз болбой эле коёлучу, айрыкча кошуналарга", - деди эл өкүлү.
Белгилей кетсек, буга чейин Түлөбаев президент кааласа Улуттук банкта сакталып турган алтын менен Кытайдын алдындагы карызды азыр да төлөп коё аларын билдирген. Бирок ага мамлекет башчысы жооп берип, карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу пайдасыз экенин айткан.