Садыр Жапаров Таласта жаңы спорт комплексин ачты (фото)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Айтматов районундагы Кызыл-Адыр айылында жаңы көп функционалдуу “Асыл” спорт комплексин ачты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Спорттук-ден-соолукту чыңдоо комплексинин имараты жалпы аянты 0,5564 га жер тилкесинде жайгашып, бардык зарыл административдик-коммуналдык жайлар жана спорт зал менен камсыздалган. Ал машыгуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган. Комплекс спорттун ар кандай түрлөрү боюнча күнүмдүк жана мезгилдүү ден соолукту чыңдоо жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган. Тактап айтканда, баскетбол, волейбол, футзал, күрөш, бокс жана башка секцияларга катышуу үчүн залдары бар.

Президент Садыр Жапаров бул жакшы саамалык менен куттуктап жатып, "Асыл" спорт комплекси ден соолуктун булагы болуп, райондун, облустун жана жалпы өлкөнүн спорттук жетишкендиктерине өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров “Асыл” спорт комплексин, машыгуу залдарын жана ага жанаша жайгашкан аймагын кыдырып, ошондой эле бул комплексте машыга турган жаш спортчулар менен баарлашып, аларга жаңы ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан