"Таласка ушул тик учак менен бардым". Садыр Жапаров тик учак оңдоп бергени үчүн Лукашенкого ыраазычылыгын билдирди

Беларус президенти Александр Лукашенко Кыргызстанга тик учакты оңдоого жардам берди. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров өзүнүн фейсбук баракчасына жазып, кесиптешине ыраазычылык билдирди.

Ал 2016-жылы Орусия Кыргызстанга МИ-8МТВ-1 тик учагын бергенин эске салды.

"2016-жылы Орусия тарабынан Кыргызстанга МИ-8МТВ-1 тик учагы берилген экен. Албетте, Орусиянын мындай белегине ыраазычылык билдирилип, тик учак өлкөнүн ар кандай муктаждыктарында пайдаланылат.

Бирок, тилекке каршы, аталган тик учак туура бир жылдан кийин, 2017-жылы бузулуп, ошол бойдон ушу кезге чейин ар кандай себептер менен ремонттолбой туруп калат.
Биз жаңы тик учактарды алгандан сырткары, колдо барларын оңдоп-түзөп, мамлекеттин муктаждыктарына колдонууга аракет кылып келебиз.
Ошол жарактан чыгып, 6 жылдан бери пайдаланылбай туруп калган тик учакты дагы адистерге көрсөтүп, ремонттосо боло тургандыгын аныктагандан кийин, Беларус лидеринин көмөгү астында адистери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, МИ-8МТВ-1 тик учагыбызды ал жактан толук бойдон капиталдык ремонттон өткөрүп келдик. Ошентип, тик учактарыбыздын саны дагы бирге көбөйдү.
Буга байланыштуу, мен Беларустун президенти Александр Лукашенкого өтүнүчүбүздү дароо кабыл алып, канааттандыргандыгы үчүн терең ыраазычылыгымды билдире кетейин.
Биздин тик учагыбыздын сапаттуу жасалышын президент Лукашенко өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматкерлерге катуу табыштаганын айткан эле.
Чындыгында эле беларустук адистер ремонт иштерин абдан сапаттуу жасаптыр. Бүгүнкү Талас облусуна болгон иш сапарыма дал ушул тик учак менен барып келдим. Биздин адистер ремонт мыкты болуптур деп баасын беришти.
Беларус лидери, кесиптешим Александр Григорьевич Лукашенкого дагы бир жолу ыраазычылык айтам. Кудай буюрса, бул тик учагыбыз дагы өлкөбүздүн кызыкчылыгына көп-көп кызмат кылат деп ишенем", - деп жазды Жапаров.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан