Кыргызстандын аскердик тик учактар паркы дагы бир тик учак менен толукталды. Аны коңшу Өзбекстан оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бергенин өлкө башчы Садыр Жапаров билдирди.
"2021-жылы эки өлкөнүн президенттеринин жетишилген макулдашуусуна ылайык, боордош Өзбекстан Кыргызстанга кайтарымсыз гуманитардык жардам катары берген МИ-8МТВ тик учагын биздин абадан коргонуу күч органынын адистери кабыл алган.
Андан соң Кыргызстандын аскер тик учактар паркында дал ушундай тик учактардын бирин Өзбекстандын “Чирчик авиациялык оңдоп-түзөө заводу” мамлекеттик ишканасына толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө берилген.
Ремонт иштерин гуманитардык негизде Өзбекстандын Коргоо министрлиги толугу менен моюнуна алган.
Кечээ жакында эле Өзбекстандын тиешелүү түзүмдөрү аталган тик учагыбыз толук ремонттолуп бүткөнүн кабарлашкан. Биздин тармактык министрликтин адистери өткөрүп алып, “Чирчик-Ош”, “Ош-Бишкек” каттамы менен алып келип, тик учак толук кандуу өз ишин аткарууга даяр экенин билдиришти.
Мунун баары, албетте, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин колдоосу жана көзөмөлү астында болду. Буга байланыштуу, Шавкат Миромоновичке терең ыраазычылыгымды билдирем.
Ошентип, Кыргызстандын аскердик тик учактар паркы дагы эки тик учак менен толукталды", - деди Садыр Жапаров.