Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Монголия Өкмөтүнүн башчысы Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэни "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.
Монголиянын премьер-министринин жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.