Жапаров Монголиянын премьер-министри менен жолукту

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө жумуш сапары менен келген Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Акылбек Жапаров кыргыз-монгол мамилелеринин жетишерлик жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, Кыргызстан Монголия менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуусу мындан ары кеңейишине жана тереңдешине кызыкдар экенин билдирди.

Учурдагы эки тараптуу мамилелер туруктуу жана жогорулоо багытында өнүгүп жатканын белгилеп кетүүгө кубанычтамын. Кызматташуу өз ара түшүнүшүү жана мамилелердин окшоштугу менен мүнөздөлөт, биз эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында эл аралык аренада ийгиликтүү өз ара аракеттенебиз. Ушуга байланыштуу биз Кыргыз Республикасынын Президенти, урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун 2023-жылдын июль айында Монголияга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгын жогору баалайбыз”, – деди ал.

Жапаров эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөөрүн улантты.

Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатуунун, Монголия, Кытай жана Кыргызстандын ортосунда автомобиль транспорту боюнча үч тараптуу макулдашууну түзүүнүн жана Азия автомобиль жолдору боюнча эл аралык автотранспорт боюнча азыркы макулдашууга кошулуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ кыргыз элинин меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн элдери тарыхый жана маданий жактан бир тууган элдер экенин белгиледи.

Мындан сырткары, эки тараптуу кызматташтыкты жана көптөгөн тармактарда, анын ичинде соода-экономика, тоо-кен, транспорт, айыл чарба жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын жай айларында ачылган Кыргызстандын Монголиядагы элчилигинин жакшы иштерин белгиледи.

Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын буга чейин жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Монголиянын жана Кыргызстандын өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Андан ары бир катар документтерге кол коюу аземи болду.

Кол коюлган документтер: – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илим тармагында кызматташуу жөнүндөгү макулдашуу; – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиги менен Монголиянын Инвестиция жана соода агенттигинин ортосундагы кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандум.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан