Акылбек Жапаров ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин менен жолукту

Бүгүн, 24-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Чжан Мин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ШКУ алкагында көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна катышуусуна өзгөчө маани берерин белгилеп, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар сунуштарды киргизди.

Атап айтканда, Жапаров ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөрдүн катышуусунда биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жол картасын» иштеп чыгууну сунуштады. Белгилей кетсек, бул демилге Кыргызстандын президенти тарабынан 4-июлда өткөн ШКУнун видеоконференция форматындагы саммитинде айтылган.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо контекстинде Жапаров Бишкек шаарындагы ШКУнун Маданий интеграция борборунун потенциалын пайдалануунун жана ШКУнун марафондорун, атап айтканда, ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонун жана ШКУнун Кунмин марафонун өткөрүүнү колдоону улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, төрага аймактык коопсуздукту камсыздоо жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине токтолду. Ошондой эле ал «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде Чжан Мин ШКУнун катчылыгынын ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын деңгээлинде жетишилген милдеттерди жана макулдашууларды ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады. Ал ошондой эле ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонуна жеке катышкандыгын айтып берип, аны «ШКУнун спорттук күн тартибиндеги негизги иш-чара» деп атады.

Жолугушуунун соңунда тараптар 26-октябрда Бишкек шаарында өтө турган ШКУ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын уюштуруу маселелерин жана мазмунун талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан