Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга биринчи жолу расмий сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров ардактуу конокту жылуу тосуп алып, аны менен жолукканына жана жеке таанышканына кубанычта экенин белгиледи.
“Үстүбүздөгү жыл биздин эки тараптуу мамилелерибиз абдан активдүү болгонун канааттануу менен белгилегим келет. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгарууга салым кошконун белгилей кетейин. Азыркы учурда Кыргызстан Кытай менен мамилелери эки тараптуу кызматташуунун тарыхында болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жетти деп айтууга болот”, – деди ал.
Ага ылайык, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул расмий жумуш сапар эки тараптуу кызматташтыкты жана жакшы коңшулук мамилелерди бекемдеп, тереңдетет деген ишенимин айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыктын кеңири спектрин талкуулашты.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.