Байденди шылдыңдап жүргөн Дональд Трамп Виктор Орбанды Түркиянын президенти деп айтып алды

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды Түркиянын лидери деп атап, аны өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган менен чаташтырды.

"Виктор Орбан деген адам бар, ал жөнүндө уккандар барбы? Ал дүйнөдөгү эң күчтүү лидерлердин бири болсо керек. Ал Түркиянын лидери", - деген Трамп Нью-Гэмпширде өткөн тарапкерлеринин митингинде.

Трамп буга чейин АКШнын учурдагы президенти Жо Байдендин жаңылыш айтып алган сөздөрүн кескин сындап келген.

Эки саясатчы тең 2024-жылдагы шайлоого катышуу ниетинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан