“Манас” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абдулла Арипов 26-октябрда Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.