Беларусь премьер-министри Роман Головченкону аэропорттон Төрөбаев тосуп алды

Беларустун премьер-министри Роман Головченко Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунан Беларусь премьер-министри Роман Головченкону Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Роман Головченко 26-октябрда Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан