Бир үй-бүлөнүн өлтүрүлүшү: Маркумдун апасы сот процесси создугуп жатканын айтты

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте эки баласы менен чогуу киши колдуу болгон Алтынай Канзаманованын 82 жаштагы апасы Уру Дюшебаева Жогорку Кеңештин депутаттарына жолуккандан кийин соттук отурумда жылыштар боло баштаганын билдирди.

Ал эл өкүлдөрү жардам берүүнү убадалаганын айтты.

"Биз тийиштүү жактарга сиздин үнүңүздү жеткирип, сизди кубаттап, жардам беребиз" деп айтышкан. Ошондон кийин жардам болуп атат. Ага чейин баары уктап жаткан. Мурдараак эле барайын деп, анан кайра эми өздөрү чечет болушу керек деп күттүм. 9 айдан бери уктап жатты бардыгы. Өздөрүн менин ордума коюп көрүшсүнчү", - деп көзүнө жаш алды Дюшебаева.

18-октябрда Жогорку Кеңештин Айым депутаттарынын форумунун кезексиз жыйыны өтүп, анда үч кишинин өлтүрүлүшү боюнча жабырлануучу, маркумдун апасы соттук отурум 9 айдан бери созулуп, чечим чыкпай жатканына нааразычылыгын билдирген.

Кечээ, 31-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин сот отуруму өттү. Анда маркум Алтынай Канзаманованын ноутбугунда сакталган аудио билдирүүлөр угузулду.

Эске салсак, ушул жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.

Маркум Алтынай Канзаманованын апасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан