Бир үй-бүлөнүн өлтүрүлүшү: Маркумдун апасы шектүү окуядан үч күн мурун кызына телефон чалганын айтты

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте эки баласы менен чогуу киши колдуу болгон Алтынай Канзаманованын 82 жаштагы апасы Уру Дюшебаева шектүү Чынтемир Аширалиев кызы Алтынайга каза тапкандан үч күн мурун телефон чалганын айтты.

Анын айтымында эки сиңдиси жана кызы болуп отурушканда Аширалиев акча сурап телефон чалган.

"Кызым каза тапкандан үч күн мурун бензинге акча сурап чалган. Ошондой эле бирдик салып коюуну суранган. Дайыма эле акча сурап жүрчү", - деди Дюшебаева.

Кечээ, 31-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин сот отуруму өттү. Анда маркум Алтынай Канзаманованын ноутбугунда сакталган аудио билдирүүлөр угузулду.

Эске салсак, ушул жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.

Маркум Алтынай Канзаманованын апасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан