Бишкекте эки баласы менен чогуу киши колдуу болгон Алтынай Канзаманованын 82 жаштагы апасы Уру Дюшебаева айыпталуучудан талап кылынган компенсация кайрымдуулукка жумшаларын айтты.
"Компенсациянын акчасын кайрымдуулукка берели деп жатабыз. Кызымдын өзүнө сообу тийсин", - деди ал.
Ошондой эле Дюшебаева шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну талап кыларын айтты.
"Үч адамды өлтүрүш оңойбу? Соттон эртерээк чечим чыгаруусун, өлүм жазасын, ал болбосо өмүр бою эркинен ажыратышын суранам. 9 айдан бери созуп жатат. Өлгөнү анык болуп турбайбы. Тепкичтен неберемди көтөрүп чыкканына чейин көрдү өзү, көрбөсө да бир жөн эле. Мен ошону мурда көрбөптүрмүн. Сотто көрүп алып, жүрөгүм күйүп жатат", - деди ал.
Мындан сырткары маркумдун апасы шектүүнүн жакындарынан эч ким келип Куран окутуп, кечирим сурап койбогонун кошумчалады.
Кечээ, 31-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин сот отуруму өттү. Анда маркум Алтынай Канзаманованын ноутбугунда сакталган аудио билдирүүлөр угузулду.
Кийинки соттук отурум 2-ноябрга дайындалган. Ага Октябрь районунун прокурору катышмакчы.
Эске салсак, ушул жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.