Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч кишини өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиевдин соту уланды.
Бүгүнкү процессте тараптар жарыш сөзгө өттү. Жарыш сөздү мамлекеттик айыптоочу баштады.
Прокурор Аширалиев киши колдуу болгон аял менен 2010-жылдан бери жакын мамиледе болуп, дайыма акча алып жүргөнүн билдирди. Ал 16-февралда Чынтемир Аширалиев аялды балдары менен кошо өлтүргөнүн айтты. Андан соң кылмыштын изин жашыруу максатында, муну кызы менен апасынын ортосундагы чыр-чатак катары көрсөткүсү келип, чачын жулуп салганын белгиледи.
Мунун себебин айыптоочу шектүүнүн Канзамановага карыз болгону менен түшүндүрдү. Аны Канзаманова карызды төлөп берүүнү суранган аудио жазуулар далилдеп турарын кошумчалады. Ошондой эле прокурордун айтымында, экспертизанын жыйынтыгында батирден шектүүнүн издери табылган.
Мындан сырткары айыптоочу Аширалиев тергөөдө кылмышты мойнуна алганын, андан кийин көрсөтмөсүн өзгөртө баштаганын кошумчалады.
Прокурор Чынтемир Аширалиевдин күнөөсү далилденгенин белгилеп, аны Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Адам өлтүрүү) 1 (эки же андан ашык адамды), 3 (алсыз абалдагы адамды же баланы), 7 (өзгөчө мыкаачылык менен), 12-пункттары (пайда көздөө максатында) менен күнөөлүү деп таап, үч адамды атайылап өлтүргөн деп, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратууну сурады.
Прокурор ошондой эле аны Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 100 миң сом өлчөмүндө (унаасынан бычак табылганы үчүн) айып салууну сурады.
Андан кийин сөз сүйлөгөн жабырлануучу тараптын жактоочусу прокурорду колдоп, Аширалиевди өмүр бою кесүүнү сурап, 4 миллион 671 миң сом компенсация төлөп берүүсүн талап кылды.
Андан соң айыпталуучунун жактоочусу сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Аширалиевдин күнөөсү толук далилденбегенин билдирип, соттон акыйкат чечим чыгарып берүүнү суранды.
Анын айтымында, иштин бардык баяндалган жагдайлары тергөөнүн божомолу гана, анткени алар эч нерсе менен тастыкталбагандыктан айыптоо үчүн негиз боло албайт.
"Экспертизалар кылмышты Аширалиев жасаганын так далилдеген жок. Ал болгон окуяны так эстей албай жатат. Психиатриялык экспертизадан да өткөрүлгөн жок. Канзаманова аялына жакын мамилелери тууралуу айтам деп Аширалиевге узак убакыт бою моралдык басым жасап, шантаж кылып келген. Канзаманова андан уул төрөгөнүн айтып, жардам катары акча сурап жүргөн", - деди шектүүнүн жактоочусу.
Ошондой эле ал Аширалиевдин Баткендеги жер тилкесин, Mercedes-Benz, Toyota Highlander унааларын камактан чыгарууну суранды. Мындан сырткары жабырлануучулар өтө көп компенсация сурап жатканын айтып, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына анча каражат кетпеши керектигин кошумчалады.
Акыркы болуп сөз Ашыралиевге берилип, ал дагы бир ирет маркум аялдын туугандарынан жана элден кечирим сурады. Ошондой эле ал тергөө учурунда кыйноолор менен мойнуна алдырганын айтты.
"Урматтуу сот, камакка алынгандан 10 күндөн кийин алкоголдук ичимдиктерге анализ тапшырдым. Ар кандай шектенүүлөр пайда болот. Жакында эле жабырлануучунун агасы Ички иштер министрлигинде чоң кызматта иштерин билдим, мени эмнеге сабашканын эми түшүндүм", - деди Аширалиев.
Мындан сырткары ал эч жакка качпаганын, ошондой эле чындыкты билгиси келерин кошумчалады.
Аширалиев буга чейин да маркумдардын жакындарынан кечирим сурап, бирок күнөөлүү эмес экенин билдирген.
Бүгүнкү отурум менен тараптардын жарыш сөзү аяктады. Кийинки отурум эртең, 3-ноябрга белгиленди. Эртеңки отурумда Аширалиевге акыркы сөз берилип, андан кийин ага өкүм чыгат.
Эске салсак, ушул жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.