Бир үй-бүлөнүн өлтүрүлүшү: Прокурор Чынтемир Аширалиевди өмүр бою эркинен ажыратууну сурады

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч кишини өлтүрүүгө шектелген Чынтемир Аширалиевдин соту уланууда.

Бүгүнкү процессте тараптар жарыш сөзгө өттү. Жарыш сөздү мамлекеттик айыптоочу баштады.

Ал өз сөзүндө тергөө учурунда жана соттук отурумдун жүрүшүндө Аширалиевдин кылмыш жасаганы толук далилденгенин белгиледи.

Прокурор Аширалиев өтө оор кылмыш жасаганын айтып, үч кишини атайылап өлтүргөн деп, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратууну сурады.


Эске салсак, ушул жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.

Чынтемир Аширалиевдин соту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sfsukmgazgif
2023-11-02 22:18:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан