Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Динара Ашимова кара куурайды өрттөбөй андан дары чыгарууну сунуштады.
Эл өкүлү ага кара куурай боюнча долбоордун демилгечилери келгенин айтып, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге алардын сунушун карап көрүүнү тапшырды.
"Польша менен Украинада ушундай тажрыйба колдонулуптур. Кара куурайдын жанына башка сортун эксе кийинки жылы психотроптук күчү жоголот экен. Анан ошолордон дары чыгарууга болот экен. Европада буга суроо-талап абдан жогору. Кыргызстанда кара куурайды жыл сайын капкара түтүн чыгарып өрттөп жатпайбызбы. Мага кара куурай боюнча долбоордун демилгечилери келди, сизге жөнөтөйүн, себеби сиз тараптан чечилет экен. Кыргызстанга пайдалуу болсо карап көрүңүздөр", - деди Ашимова.
Белгилей кетсек, учурда милиция кара куурай өстүргөн жерди аныктаса өрттөп жок кылат.