“Финико” каржы пирамидасын уюштургандардын бири Түркиядан кармалды

Түркияда “Финико” финансылык пирамидасын уюштуруучуларынын бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган каржы пирамидасынан Анталья шаарында Кыргызстандын 100дөн ашуун жараны 1,4 миллион доллардан ашык зыян тарткан.

ИИМдин Интерпол Улуттук бюросу Түркиянын ИИМ Интерполу биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында былтыр ноябрь айында эл аралык издөө жарыяланган 43 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалды.

Аталган шектүү Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык, кылмыш коомчулугун түзүү жана ага катышкандыгы үчүн изделип жаткан.

"Буга чейин ИИМдин Интерполу Грузия жана Орусиянын Интерполу менен биргеликте Э.М (Тбилиси шаарында камакта, экстрадициялоо маселеси каралууда) жана А.Ч. (Орусиядан Кыргызстанга экстрадицияланган) аттуу Кыргыз жарандарын кармашкан. Ошондой Д.К. аттуу чет өлкөнүн жараны кармалып, өз мамлекетинде камакта.

Чет мамлекеттин жараны Д.К. жарандардын акча каражаттарын алдап алуу максатында, финансылык кызмат көрсөтүү шылтоосу менен алдап, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого багытталган туруктуу кылмыштуу топту түзгөн. Тактап айтканда, "Финико" аттуу каржы компаниясын уюштурган", - деп айтылат билдирүүдө.

“Финико” компаниясынын курамына Кыргызстандын жарандары Э.М., А. Ч., С.А., Р.С., Л.Н., К.М. аттуу жарандар кирген, алар кылмыштуу топтун аймактык жетекчилери болуп дайындалган.

2019-2021-жылдар аралыгында жогорудагы адамдар уруксат берүүчү документтери жок Бишкекте 17 кеңсе мыйзамсыз ачышкан.

Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жалпы суммасы 1 миллион 283 миң 414 доллар жана 5 миллион 764 миң 980 сомду түзгөн өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алдап алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан