"Жеңилирээк жаза берүүңүздү суранам". Үч кишини өлтүрүүгө шектүү Аширалиев акыркы сөзүн айтты  

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин соту уланууда.

Соттук отурумга судья Надырбек Токтосунов төрагалык кылды.

Анда айыпталуучу Аширалиевге акыркы сөз берилди.

"Урматтуу сот, кандай чечим чыгарсаңыз да жаза өтөөгө макулмун. Бирок менин жаза өтөө мөөнөтүмдү аныктоонун алдында жеңилдик бере турган жагдайларды, тергөөнүн жүрүшүндөгү кемчиликтерди, прокурор менен тергөөчүнүн далилденбеген божомол, бүдөмүк материалдарын эске алып, жеңилирээк жаза берүүңүздү суранам ", - деди Аширалиев.

Сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти.

Кечээ күнкү отурумда мамлекеттик айыптоочу шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну сураган.

Эске салсак, ушул жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.

сот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан