Улан Шерипов Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунун төрагасы болуп дайындалды

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун буйругу менен Шерипов Улан Турганбекович бүгүн, 3-ноябрдан баштап беш жылдык мөөнөткө Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматкка ылайык, кечээ, 2-ноябрда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Улан Шериповду кабыл алып, бир катар милдеттерди койду. Ат-Башы райондук соту тарабынан сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу, иштерди өз убагында кароо жана жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин бекемдөө боюнча тиешелүү чараларды көрүү керектиги айтылды.

Ошондой эле анын жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан