Президент Кыргызстандын Беларустагы жаңы дайындалган элчисин кабыл алды

Бүгүн, 6-ноябрда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, өлкө башчысы элчиге жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну тереңдетүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттерди койду.

Өз кезегинде Султанбаев мамлекет башчысына белорус тарап менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча белгиленген пландар тууралуу айтып берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан