Садыр Жапаров менен биринчи айым Ташкентке барды (сүрөт)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда иш сапары менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчынын борту Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду. Анда Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.
Эскерте кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчысы Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитинин ишине катышат.
Белгилей кетсек, саммиттин алкагында Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата "Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү - балдар жана жаштар иш-аракетте" темасында Эл аралык форум өтөт. Ага биринчи айым Айгүл Жапарова катышат.