Акылбек Жапаров Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин экинчи отурумуна катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын Гамбург шаарында өткөн Кыргыз-Герман ишкерлер кеңешинин экинчи отурумуна катышты. Бул тууралуу бүүн, 9-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, анда өкмөт башчы Министрлер кабинети жемиштүү диалогго жана экономиканын бардык тармактарында ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда, баштапкы долбоорлорду коштоодо келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүгө даяр жана ачык экенин билдирди.

Акылбек Жапаров бизнес-кеңештин алкагында кызматташуунун келечектүү багыттары болуп финансы сектору, өнөр жай, агроөнөр жай сектору, кайра жаралуучу энергия булактары , логистика жана инфраструктура, маалымат технологиялары жана кадрларды даярдоо тармагында кызматташуу саналарын белгиледи.

"Биз германиялык өнөктөштөрүбүздү биргелешкен геологиялык чалгындоо иштерине чакырабыз жана экономиканын бул келечектүү тармагы – тоо-кен тармагына инвесторлорду күтөбүз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан