Акылбек Жапаров Гамбург шаарынын биринчи мэри, Сенатынын президенти Петер Ченчер менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын Гамбург шаарына болгон иш сапарынын алкагында Гамбург шаарынын биринчи мэри, Сенатынын президенти Петер Ченчер менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.

"Биз Германия менен болгон өз ара мамилелерди жогору баалайбыз жана мындан ары аны бардык тармактарда ар тараптуу тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө умтулабыз. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтык жылдарында достук жана өнөктөштүк мамилелер өнүгүп, алар үзгүлтүксүз саясий диалог менен коштолууда", - деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары министрлер кабинетинин башчысы Гамбург Германиянын экономикасынын жана соодасынын борбору катары эки өлкө ортосундагы сооданы жана бизнести кеңейтүү үчүн символикалык жер экенин белгиледи.

"Ал энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы германиялык тажрыйбаны жана технологияларды үйрөнүүгө жана ишке киргизүүгө, ошондой эле коомдук транспортту, шаар курууну пландаштыруу, таштандыларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү, жарандарды уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Гамбург шаарынын биринчи мэри, Сенатынын президенти Петер Ченчерди Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Гамбург шаарынын биринчи мэри, Сенатынын президенти Петер Ченчер өлкөгө чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Питер Ченчер кыргыз тарап менен жашыл энергетика, транспорт жана өз ара кызыкчылык туудурган башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан