Өлкө башчы Садыр Жапаров Ташкентте өтүп жаткан Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитинде сөз сүйлөп жатып, Газадагы окуялар боюнча дагы айтты.
Президент сөзүндө тараптарды согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырды.
"Биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске көңүлүбүз ооруп, зээнибиз кейип, байкап отурабыз. Биз тараптарды курмандыктарды жана жайкын тургундарга карата зордук-зомбулукту болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө, согуштук аракеттерди тез арада токтотууга жана сүйлөшүү процессин күттүрбөстөн баштоого чакырабыз”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.