Чүйдө BMW X5 менен өспүрүмдү өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды (фото)

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кечээ, 9-ноябрь күнү болжол менен саат 23:50 чамаларында Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын М.Горький көчөсүнөн 2007-жылы туулган К.Б.М. аттуу өспүрүмдү белгисиз унаа сүзүп качып кеткен, ал алган жаракатынан улам каза болгон.

"Изи сууй электе жол кырсыгына шектүү деп 1997-жылы туулган С.М.Д. аттуу жаран кармалып, андан ары чара көрүү үчүн Аламүдүн РИИБнүн тергөө кызматына тапшырылып берилди.

Ал эми BMW X5 үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан