Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарова Франциянын президентинин кабыл алуусуна катышты

Өлкө башчы Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарова Франциянын президенти Эммануэль Макрондун кабыл алуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Кабыл алуу Париж тынчтык форумуна катышуучу мамлекет башчыларынын урматына болгон.

Эске сала кетсек, кечээ, 9-ноябрда президент Ташкенттен түз эле Францияга Париж тынчтык форумунун алкагында «Бир планета саммитинин» ишине, ошондой эле ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына катышуу үчүн учуп кеткен.

Мындан тышкары Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан