Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымы ыйгарылды

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан №354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, Нахаяндын аты Ак-Шыйрактагы №354 мөңгүгө ыйгарылат.

Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жыйынында Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасындагы чокуларга Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) шейхи Заид бин Султан Аль Нахаян менен Сауд Арабиясынын падышасы Абдулазиздин атын ыйгаруу тууралуу мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда кабыл алынган.

Өлкө башчы Садыр Жапаров былтыр 28-октябрда аталган мөңгүгө шейх Аль-Нахаяндын ысымын берүү тууралуу чечим кабыл алган. Президенттин ошол кездеги басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мындай чечим эки өлкөнүн алакасын чыңдоо максатында кабыл алынганын билдирген.

Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян жыйырманчы кылымдын көрүнүктүү тарыхый инсаны, БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи (1971-2004) президенти.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан