Кыргызстан палестиналыктардын өз мамлекетин түзүү укугун колдойт. Жапаровдун билдирүүсү

Өлкө башчы Садыр Жапаров Эр-Риядда өткөн саммитте Кыргызстан палестиналыктардын өз мамлекетин түзүү укугун колдой турганын айтты.

Президент белгилегендей, Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйт. Ал палестиналыктардын таламдарына жана каалоолоруна жооп берген бирден-бир туура чечим - Коопсуздук Кеңешинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын тиешелүү резолюцияларынын аткарылышы керектигин кошумчалады. Буга байланыштуу Кыргызстан Коопсуздук Кеңешин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясын эл аралык коомчулуктун атынан Газа тилкесиндеги зордук-зомбулукту токтотуу жана Газа тилкесиндеги коопсуздук кризисин жөнгө салуу үчүн эффективдүү жана чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырат.

“Ошол эле учурда, биздин Ислам Үммөтүнүн эл аралык коомчулукту бул баскынчылыкка каршы бирдиктүү жана консолидацияланган позицияны карманууга ынандыруусу жана кагылышуучу тараптарды сүйлөшүүгө отургузуу үчүн эл аралык аракеттерди активдештирүү зарыл. Чыр-чатактын катышуучулары жарандардын өмүрүн коргоого артыкчылык берүүсү жана Бириккен Улуттар Уюмунун негизги документтеринде бекитилген эл аралык гуманитардык укуктун универсалдуу эрежелерин урматтоосу өтө маанилүү. Адилеттүүлүк, теңдик жана адам укуктарын урматтоо принциптери Израиль-Палестина жаңжалын чечүүгө умтулууда биздин иш-аракеттерибизге жетекчилик кылууга тийиш. Тынчтык бул – абстракттуу түшүнүк эмес – бул диалог, түшүнүшүү жана эл аралык укукту урматтоо аркылуу жетишүүгө боло турган реалдуулук экенине баарыбыз бекем ишенебиз. Кыргыз Республикасы бүткүл Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди колдоого умтулат. Ушундай шартта гана чыр-чатактын тараптары адилеттүүлүк жана бакубатчылык өкүм сүргөн тынчтыкта жана коопсуздукта жанаша жашай алышат”, - деп Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан