Екатеринбургда 27 жаштагы Алтынбек Камбаров аттуу кыргызстандык мигрант таң калыштуу жагдайда каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Е1.ru басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, 3-ноябрь күнү кечинде ал Техническая көчөсүнөн жолго чуркап чыгып, кичиавтобустун туткасынан кармоого аракет кылган, бирок тең салмактуулукту жоготуп, арткы дөңгөлөктүн астына кулаган. Ал көп кан жоготуудан ошол жерден каза болгон.
Айрым күбөлөр Алтынбектин артынан эки адам кубалаганын, ал алардан качканын айтышкан. Алгачкы сааттарда окуяны кырсык катары кабыл алышкан. Шаардык жол кайгуул кызматы кырсыкка күбө болгондорду издеп жатканын да билдирген.
Урал телекөрсөтүү агенттигинин кабарчылары маркумдун жакындары менен сүйлөшүүгө жетишкен. Андан маркумдун аталаш бир тууганы кырсыкты киши өлтүрүү аракети катары баалаган. Анын айтымында, Алтынбек алкоголдук ичимдиктерди эч качан ичкен эмес жана сергек болгон. Ал ошол түнү инисинин туулган күнүнөн кайтып келе жаткан. Туулган күндүк кече Техническая 34 дарегиндеги уйгур ашканасында болгон.
"Түнкү саат бирде Алтынбек туугандары менен коштошуп, такси күтүп турган. Ошол маалда анын жанына белгисиз адамдар келип, жигитти сабап, бычак менен жарадар кылып, анан артынан куушкан. Куугандар Алтынбекти кичи автобус тебелеп кеткенде гана артка бурулушкан. Чатак эмнеден чыкканы белгисиз. Маркумдун жакындарынын айтымында, алар Алтынбекке ким кол салганын билишет, бирок азырынча бул адамдардын бири дагы кармала элек", - деп жазылат андагы маалыматта.
Бул боюнча текшерүү материалы Орусия ИИМинин облустук башкы башкармалыгынын Башкы тергөө башкармалыгында жайгашкан.