Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Токиого барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, өлкө башчынын борту "Ханеда" эл аралык аэропортуна конду.
Аэропорттун флагштокторунда Кыргызстандын жана Япониянын желектери илинип, Ардактуу кароол тизилди.
Садыр Жапаровду Япониянын тышкы иштер мамлекеттик министри Кийото Тсуджи жана башка расмий адамдар тосуп алды.
Эскерте кетсек, сапардын алкагында мамлекет башчысы Улуу Даражалуу Император Нарухито, Япониянын премьер-министри Фумио Кисида, парламенттин спикери Фукусиро Нукага, парламенттин депутаттары, ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчиликтери менен жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.