Экономика жана коммерция министринин 4 орун басары ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 20-ноябрда министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.
Маалымдалгандай, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Кызматтан кеткен кадрлар: Макешов Чыңгыз Дүйшенкулович, Абдрахманов Канатбек Жаныбекович, Закенаев Кубанычбек Акимгазиевич жана Малаев Назарбек Камалдинович.