Президент Садыр Жапаров "Metarise Japan" компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

Бүгүн, 20-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Японияга расмий сапарынын алкагында Токио шаарында "Metarise Japan" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда кубаттуулугу саатына 3-5 киловатт болгон электр энергиясын иштеп чыгаруучу гравитациялык генератору көрсөтүлүп, компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Белгилегендей, "Metarise Japan" Кыргызстанда гравитациялык генераторлорду орнотуу боюнча пилоттук долбоорду баштоону пландаштырып жатат. Компания Японияда көрсөтүлгөн жабдууларды чыгарууга эксклюзивдүү патент алган жана Кыргызстандагы электр энергиясынын альтернативдүү булактары боюнча маселелерди чечүүгө салым кошууга ниеттенүүдө.

"Мамлекет башчысы берилген маалыматтар менен таанышып чыгып, Кыргызстан япон инвесторлору жана жаңы технологиялар үчүн ар дайым ачык экенин белгиледи.

Президент мамлекет энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи, анткени ал экономиканын өзөгү жана негизги тармактардын бири. Өлкөдө жагымдуу абал түзүү жана инвестиция тартуу үчүн бардык шарттар түзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан