Садыр Жапаров JICA'нын президенти Акихико Танака менен жолугушту

Бүгүн, 20-ноябрда Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) президенти Акихико Танака менен Токио шаарында жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тараптар аталган агентиктин ишмердүүлүгү аркылуу эки өлкө ортосунда түзүлгөн мамилелерди белгилешти.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров эки мамлекеттин өкмөттөрү ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүн айтып, Япония Эл аралык кызматташтык агентигине ыраазычылык билдирди.

"Садыр Жапаров кыргыз тарап менен JICA ортосундагы түзүлгөн өз ара аракеттенүүнү улантууда энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоо маселелерин кароону, ошондой эле позитивдүү мультипликативдик эффект бере турган транспорт жана коммуникациялар тармагындагы ири инфрасктуртуралык долбоорлорду ишке ашырууну изилдөөсүн сунуштады", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми JICA башчысы Кыргызстан менен өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, уюм мындан ары дагы Кыргызстандагы экономиканы жана айыл чарбаны, энергетиканы, туризмди, экспорттук потенциалды жогорулатуу, жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлоруна ниеттенип жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан