Садыр Жапаров Японияда JATA башчысы Кунихара Эбина менен жолукту

Бүгүн, 20-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапров Японияга жасаган расмий сапарынын алкагында Япониянын туристтик операторлор ассоциациясынын (JATA) башчысы Кунихара Эбина менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда туризм тармагындагы байланыштарды кеңейтүү жана өз ара аракеттенүүнүн перспективалары боюнча пикир алмашуу болду.

"Садыр Жапаров Кыргызстанда ишкердик, кышкы ден соолукту чыңдоо, маданий ошондой эле активдүү туризм сунушталып жатканын айтып берди. Ошол эле учурда өлкө жетекечилиги ар бир турист өзүн ыңгайлуу жана ишенимдүү сезиши үчүн умтулат", - деп айтылат маалыматта.

Өлкө башчы Кыргызстандын географиялык жайгашуусу - бүткүл Борор Азия боюнча айкалышкан турларды түзүүгө мүмкүндүк берээрине басым жасап, эки өлкөнү туризм тармагында активдүү кызматташууга жана япониялык туроператорлорду Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Ал эми JATAнын башчысы компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача айтып берип, Кыргызстан менен иштешүүнү караштырып жатканын жана өлкөнүн бай туристтик потенциалын эске аларын айтты.

Жыйынтыгында тараптар туристтик операторлордун ортосундагы түз байланыштарды көбөйтүүгө көмөктөшүүгө макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан