Президенттин Японияга болгон расмий сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон расмий сапары аяктады. 17-ноябрда башталган сапар кечээ, 20-ноябрда жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, сапардын биринчи күнүндө император сарайында мамлекет башчысы жана анын жубайы Айгүл Жапарованын император Нарухито жана императрица Масако менен жолугушту.

Андан соң Япония парламентинин спикери Фукусиро Нукага жана Япониянын Эл аралык кызматташтык банкынын (JBIC) башкаруучусу Нобумицу Хаяси менен кезикти.

Сапардын экинчи күнү, 18-ноябрда президент жана биринчи айым Айгүл Жапарова Шинкансен ылдам жүрүүчү поезди менен Киото шаарына барышты. Бул жерде Киото префектурасынын губернатору Такатоши Нишиваки менен жолугуп, Садыр Жапаровдун Японияга сапары мамлекеттердин эки тараптуу мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарарына ишенимин билдирди. Япониянын байыркы борборунда президент жана Биринчи айым чай аземине катышып, салттуу даамдуу суусундуктан ооз тийишти.

Садыр Жапаров Токио шаарына кайтып келгенинде, 20-ноябрда бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, алардын арасында: Япониянын “РОТОБО” бизнес-ассоциациясынын, JETRO – Япониянын тышкы соода уюмунун жетекчилиги, “Metarise Japan” компаниясынын өкүлдөрү, JICAнын жетекчилиги, ошондой эле JATA – Япониянын туристтик операторлор ассоциациясынын башчысы менен жолугушуулары болду.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Япониянын жалпы улуттук NHK каналына интервью берип, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшү тууралуу кеңири айтып берди.

Күндүн экинчи жарымында премьер-министрдин резиденциясында Япониянын өкмөт башчысы Фумио Кисида менен расмий жолугушуу аземи болду.

Андан кийин эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи, ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКлар үчүн лидерлердин биргелешкен билдирүүсү болуп өттү.

21-ноябрда эртең менен Садыр Жапаров расмий сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан