Башталгыч класстын окуучуларынын тамак-ашына бөлүнгөн акча 14 сомго көбөйтүлөт

Мамлекеттик мектептердеги башталгыч класстардын окуучуларынын ысык тамагына бөлүнгөн акча кийинки жылы 14 сомго көбөйтүлөт. Бул тууралуу кечээ, 20-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында келерки жылдын бюджети талкууланды. Анда депутаттар мектептеги, бала бакчалардагы балдардын тамак-ашына каралган акчанын көлөмүн сурашты.

Депутат Эмил Токтошев мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу, ысык тамак уюштуруу маселесине өзгөчө көңүл бурду. Эл өкүлү балдар өлкөнүн келечеги экенин эскертип, алардын тамак-ашынан акча аябоого чакырды.

Жогорку Кеңеш 20.11.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан