Акылбек Жапаров жакыр үй-бүлөлөргө жардам кытай методологиясы менен берилерин айтты

Кыргызстан кийинки жылдан баштап жашоо деңгээли төмөн үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүдө Кытай методологиясына өтөт. Бул тууралуу 20-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.
Өкмөт башчы жакында Кытайдын жакырлар менен иштөө ыкмасын көрүп, ошого өтүүнү чечишкенин айтты.
"Биз Дүйнөлүк банктын методологиясы менен жүрөбүз. Ошол боюнча бизде жакырлар көп, бүт эле жакыр. 1,5 миллион автоунаа бар, бирок баары эле жакыр. Кытай тараптан сурасак алар ар бир үйдү сүрөткө тартып, үй-бүлөнүн кирешесин көрүп, анан жардам берет экен. Биз кийинки жылы ушундай методологияга өтөбүз. Азыр 212 миң үй-бүлөнү сүрөткө тартып бүтүрдүк. Өкмөттөн жөлөк пул алган жакыр үй-бүлөлөрдүн сүрөтүн тартып, алардын үйүн, машинесин кошо тартып, телевидениге жана компьютерге чыгарабыз. Ким кедеймин десе, аны сүрөткө тартып алабыз. Бизде алты саны аман туруп, жөлөк пул алгандар көбөйдү", - деген Жапаров.
Ошондой эле ал өлкөдө жөлөк пулдар көбөйгөнүн айтып, чыгым жагын катуу ревизия кылуу каралып жатканын кошумчалады.
Жогорку Кеңеш 20.11.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан