Президент иш сапары менен Беларуска жөнөп кетти. Аны кимдер коштоп жүрөт? (делегациянын курамы)

Бүгүн, 22-ноябрда президент Садыр Жапаров Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) кезектеги сессиясына катышуу үчүн иш сапары менен Беларуска жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, сессия Беларустун президенти Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өтөт.

Жамааттык Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыдагы милдеттерди аныкташат, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтерди кабыл алышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
-Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;
- Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев;
- коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан