Эльмира Эшенкулова Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды

Эльмира Эшенкулова Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, тиешелүү тескемеге төрага Нурланбек Шакиев кол койду.

Эшенкулова Эльмира Раимжановна 1972-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Мамлекеттик-жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Эмгек жолун 1999-жылы Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинде башкы адис болуп иштөө менен баштап, 2000-жылы Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Экология жана жаратылышты пайдалануу департаментинде жетектөөчү адис кызматында эмгектенген.

2005-жылдан баштап Жогорку Кеңештин аппаратында Жогорку Кеңештин жыйналыштарын камсыздоону уюштуруу бөлүмүндө жана Регламент жана этика боюнча комиссияда консультант, андан соң улук консультант болуп иштеген.

2008-2012-жылдары Жогорку Кеңештин жыйналыштарын камсыздоону уюштуруу бөлүмүндө улук консультант кызматын аркалаган.

2012-2015-жылдары Уюштуруу иштери бөлүмүнүн эксперти, 2015-2022-жылдары Уюштуруу иштери бөлүмүнүн сектор башчысы болуп кызмат кылган.

2022-жылдын март айынан 2022-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин Аппаратынын Адам ресурстарын башкаруу жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн сектор башчысы болуп иштеген.

2022-жылдын 19-октябрынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан