"Садыр, салам!". Минскте Садыр Жапаров Александр Лукашенко менен жолукту (видео)

Президент Садыр Жапаров Минск шаарында Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту.

Маалыматка караганда, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы сессиясынын күн тартибин талкуулашты.

"Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы өз ара аракеттенүүнү эки өлкө элдеринин кызыкчылыгында бекемдөөгө даярдыгын билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Эки президент жолугушуп жатканда Александр Лукашенко Садыр Жапаров менен "Садыр, салам!" деп учурашты.

Минскте Жапаров менен Лукашенко жолугушту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан