Мамлекеттик ипотекалык компанияга 2024-жылы 1 миллиард сом берилет

Мамлекеттик ипотекалык компанияга 2024-жылы 1 миллиард сом берилет. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал жарандарды үй менен камсыз кылуу тармагындагы иштерге токтолду. Өкмөт башчы өз сөзүндө өлкөнүн бардык аймактары боюнча үйлөр куруларын, ал үчүн 2024-жылы Мамлекеттик ипотекалык компанияга 1 миллиард сом берилерин билдирди.

“Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 2020-жылы 480 миллион сом гана болчу. Бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталы 13,5 миллиард сомго жеткирилди. МИК боюнча мамлекеттик саясатты өзгөрттүк. Наркы арзан жана элге жеткиликтүү рыноктук шарттарда өзүбүз үйлөрдү курабыз. Бишкекте 6 миңден ашуун батир курулуп жатат. Бүт аймактар боюнча үйлөр курулат”, - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан