"600дөн ашуун адам абактан чыгышы мүмкүн". Мунапыс берүү мыйзамы үчүнчү окууда жактырылды 

Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында абакта отурган жана сыртынан кесилген адамдарга мунапыс берүү тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Ага эми президент кол коюусу зарыл.

Мыйзам долбоорун депутат Жусупбек Коргонбай уулу демилгелеген. Анын айтымында, мунапыс 600дөн ашуун соттолуучуга колдонулушу мүмкүн.

Талкуу маалында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева зордуктоо боюнча камалгандардын жазасы жеңилдетилбей турганын белгиледи.

Мыйзам долбоору менен анча оор эмес жана оор кылмыштар үчүн соттолгон төмөнкү адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотуу сунушталат:

- 60 жаштан ашкан эркектерди жана ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдарды;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарды;

- жашы жетелек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдарды.

Муну менен катар анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды: жалгыз бой эне болуп саналган аялдарды, көп балалуу аялдарды, ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдарды жана жашы жетелектерди бошотуу сунушталат.

Мунапыс берүү долбоору Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу иштелип чыккан.
Жогорку Кеңеш 23.11.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан