Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда Минск шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын тар форматында сөз сүйлөдү.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, отурумдун жүрүшүндө Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов сөз сүйлөштү.
Садыр Жапаров өз сөзүндө жыйындын күн тартибине Уюмдун мындан аркы өнүгүүсү үчүн да, тынчтыкты, эл аралык жана регионалдык коопсуздукту сактоодо ЖККУга мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү үчүн да актуалдуу болгон маселелер камтылганын баса белгиледи.
“Дүйнөдөгү геосаясий абал түзүлгөн кырдаал барган сайын татаал жана карама-каршылыктуу мүнөзгө ээ болуп жатканын көрсөтүп турат. Терең кайгыруу менен биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризисти көрүп жатабыз. Биз тараптарды жай жарандарга карата курмандыктарга жана зомбулукка жол бербөө, согуштук аракеттерди тез арада токтотуу жана сүйлөшүү процессин дароо баштоо боюнча ар тараптуу чараларды көрүүгө чакырабыз. БУУнун Коопсуздук кеңешинин жана Башкы Ассамблеясынын резолюцияларына ылайык, "эки мамлекет" принцибинин негизинде Израиль-Палестина жаңжалын тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерин бириктирүүнү жактайбыз”, - деди Жапаров.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы көңүл борборунда мурдагыдай эле Ооганстандагы кырдаал калып жатканын белгилей кетти. Кыргызстан Оооганстан тынч жана туруктуу болушуна кызыкдар жана бул өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу боюнча бардык көп тараптуу сүйлөшүү процесстерин толугу менен колдойт. Кыргыз тарап Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн жасап жаткан аракеттерин кубаттайт жана алардын эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерин аткарууга болгон умтулуусун колдойт.
Садыр Жапаров "Кыргызстан бул өлкөдөгү социалдык жана гуманитардык абалдын мындан ары начарлашына жол бербөө максатында ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүүнүн улантылышын жактайт" деп баса белгиледи.
Президент кыргыз тарап ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы кызматына Орусия тараптын өкүлү, генерал-полковник Андрей Сердюковдун дайындалышын колдой турганын баса белгиледи. Мындан тышкары Кыргызстан ЖККУнун Бириккен штабынын штатына киргизилип жаткан уюштуруу-штаттык өзгөртүүлөрдү жана жаңы сыйлыкты, ошондой эле Уюмдун финансылык ишин жөнгө салуучу документтерди жактырды.
Садыр Жапаров 2024-жылдын январынан тарта Башкы катчынын орун басарларынын биринин позициясы Кыргызстанга өтөөрүн белгиледи. Бул кызматка дайындоо үчүн мамлекет башчысы тарабынан президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыковдун талапкерлиги жактырылды.