Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда БУУнун Борбор Азия экономикалары үчүн атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Баку шаарына жөнөп кеткенин басма сөз кызматынан билдирди.
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, саммит Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин төрагалыгы алдында өтөт. Быйыл СПЕКА программасынын 25 жылдыгы белгиленет.
“Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыдагы милдеттерди аныкташат, ошондой эле региондогу өлкөлөрдүн экономикаларын чыңдоого багытталган бир катар документтерди кабыл алышат.
Иш сапарынын алкагында президент Жапаров СПЕКА саммитинде сөз сүйлөп, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушат”, - деп белгиледи Азымбакиев.