Шакиев БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлүн кабыл алды

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьеваны кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, төрага алгач Александра Соловьеваны туруктуу өкүл болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Кыргызстан Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы менен жигердүү кызматташып келе жатканын белгилеп, кызматташтыктын келечеги тууралуу сөз кылды.

"Азыркы тапта айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык таза технологияларды ишке киргизүү жана жашыл экономиканын үлүшүн жогорулатуу багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу артыкчылыкка ээ. Анын ичинен тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында тыгыз иш алып баруубуз кажет”, – деди Шакиев.

Өз кезегинде Александра Соловьева Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин 85 жылдыгы менен куттуктады.

Муну менен катар биргелешкен долбоорлор тууралуу учкай кеп кылган Соловьева Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасы Кыргызстандын өнүгүшүнө багытталган долбоорлорду, анын ичинен туруктуу өнүгүү максаттарында камтылган программаларды ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан