Кыргызстанга “Concrete Canvas” компаниясынын заводун куруу маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кардифф шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон иш сапарынын алкагында “Concrete Canvas” компаниясынын башчысы Уилл Кроуфорд менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, анда ишкер Уилл Кроуфорд Акылбек Жапаров баштаган кыргыз делегациясына “Concrete Canvas” компаниясынын заводунун ишмердүүлүгү менен жеринде тааныштырып, тажрыйбалары менен бөлүштү.

"Мында жумшак композиттик бетон баракчалары чыгарылат. Тагыраагы мында чыгарылган материалдар каналдардын, суу сактоочу жайлардын, уулу калдыктарды сактоочу жайлардын, балык өстүрүүчү көлмөлөрдүн алдына төшөлөт. Өзгөчө ирригация тармагыннда колдонуунун натыйжасы жогору.

Материалдар алдыңкы технологиялардын жардамы менен чыгарылып бардык талаптарга жооп берет. Учурда заводдон чыгарылган материалдар дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетине экспорттолот",- деп айтылат маалыматта.

Ишкерлер Кыргызстан менен тыгыз иштешүүгө кызыкдар экенин айтып, Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун ачууга даяр экенин билдиришти.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров инвестиция салууга кызыкдар болгон ишкерлерге кыргыз бийлиги ар тараптан колдоо көрсөтүүгө жана маселени ыкчам чечүүнү колго аларын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакын арада Кыргызстандын аймагында “Concrete Canvas” компаниясынын заводун куруу мүмкүнчүлүгүн кароого жетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан