Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 25-ноябрда Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылына 1000 мегаватт күн электр станциясын куруу боюнча консорциум компаниялары менен келишимдин акыркы шарттарын макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Президенттин үстүбүздөгү жылдын май айында Кытайдын Сиань шаарына болгон иш сапарынын алкагында бул инвестициялык долбоор боюнча макулдашуунун алдын ала шарттарына кол коюлган.
"Андан бери тынымсыз сүйлөшүүлөр жүрүп, чоң көлөмдөгү иштер жасалып, Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылына кубаттуулугу 1 ГВт болгон күн электр станциясын куруу үчүн ири инвестор келип жатканы бизди абдан кубандырат", - деди Жапаров.
Ошондой эле ал инвестициялык макулдашууну бекитүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболор аяктагандан кийин Министрлер кабинети тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынарын кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда тараптар инвестициялык келишимди парафировкалашты (Эл аралык макулдашууну даярдоого катышкан тараптар алдын ала кол коюшту, иштелип чыккан текст ыйгарым укуктуу тарабынан жактырылды), ага ылайык инвестициянын көлөмү 800 миллион долларды түзөт, 500дөн ашык жумушчу орун түзүлөт жана Тору-Айгыр айылынан Кемин көмөкчордонуна чейин 80 чакырым 500 кВт жогорку чыңалуудагы электр линиясы курулат.
Маалыматта алар China Power International Development Limited (CPID) жана China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G) консорциум компаниялары экени айтылды.